Окумуштуулар кайсы көнүгүүлөр ден соолукка зыян экенин айтышты

Кээ бир көнүгүүлөр туура эмес жасалганда ден соолукка зыянын тийгизип, адам кыймылдай албай калышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн ичинен буралып, ийилип кыймылдоо башка көнүгүүлөргө караганда кооптуураак. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Ичин чыгарбай, жалпак кылам деп аталган көнүгүүнү жасагандар ооруканага түшүп калган учурлар болгон. Адистер иликтегенден кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Буралып, эңкейип жасалган көнүгүүлөр туура эмес жасалганда ден соолукка зыянын тийгизип, адам кыймылдай албай калышы мүмкүн.

Жүрөк оорусунан оолак болуунун эң оңой жолу айтылды
Бул жерде кеп омурткаларды жана белди кокустатып алуу туурасында болууда. Өтө кысылган булчуңдар белди тартып, кайра калыбына келтирип түздөгөндө адамдын денеси жабырланып, оорутушу мүмкүн.

Дарыгерлер бул көнүгүүнүн ордуна башканы сунуштаган. Ал — планка (бутунун башы жана чыканакка таянып, жерден бир нече сантиметр көтөрүлүп, көмкөрөсүнөн түз жатуу) дешти. Бул ичтин булчуңдарын киргизүүгө жардам берээрин айтышкан. Адам мындай абалда турганда омурткалар табигый абалында калып, жакшы натыйжа берерин кошумчалашкан.

Бул ыкманын коопсуз экендиги анык болгондон кийин 2015-жылы америка армиясында жоокерлерди жапырт планка жасаганга өткөрүшкөн.

Адистер "пресс жасайм" дегендерге гимнастикалык шарды колдонуп көнүгүү жасоону сунуштап, анын зыяны аз экендигин айтышкан.