Кыргызстан — БАЭ беттеши. Голдордун видеотоптому

Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футболчулары атаандашына 3:2 эсебинде утулду.
Sputnik

Оюн Араб Эмирлигиндеги Zayed Sports City Stadium стадионунда өткөн. Андагы гол киргизилген учурлар Азия футбол конфедерациясынын YouTube каналында жарыяланды.

Александр Крестинин: биз мындан да чоң нерсеге татыктуубуз!
Эсепти мелдештин 14-мүнөтүндө араб командасынын оюнчусу Хамис Эсмаил ачты. Аларга удаа эле оюндун 26-мүнөтүндө 10-номердеги Мирлан Мурзаев топ киргизип, эсепти 1:1 кылды.

Беттештин биринчи бөлүгү тең эсеп менен аяктады. Экинчи таймда БАЭнин мыкты чабуулчусу Али Мабхут экинчи голду киргизди. Мындан улам кыргыз командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жашыл талаага Турсунали Рустамовду чыгарып, ал тез арада эле эсепти теңдеп койду.

Кошумча он беш мүнөттүн биринчи бөлүгүндө калыс кыргызстандыктардын дарбазасына пенальти берип, арабдар бир гол киргизип кетти. Беттеш 3:2 эсебинде, арабдардын жеңиши менен аяктады.