БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунан 200 миң доллар (болжол менен 14 миллион сом) иштеп тапканын Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий билдирүүсүндө айтылат.
АФКнын билдирүүсүнө ылайык, турнирдин жалпы байге фондусу 14,8 миллион долларды түзөт. Мында чемпионго — 5 миллион доллар, финалистке 3 миллион доллар берилет.
Үчүнчү жана төртүнчү орун ээлегендер 1 миллион доллардан алат. Финалдык бөлүккө чыккан 24 команданын баарына 200 миң доллардан тиет. Анын ичинде Кыргызстан да бар.
Кыргызстандын курама командасы тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна катышты. Тайпалык беттеште Кытай менен Түштүк Кореядан утулуп, филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен утуп алган. Ушул жеңиштин аркасы менен үчүнчү орундан плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.