БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Акнет" ЖЧКсы мамлекетке келтирген зыянынын ордун толтуруп, 150 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.
2018-жылдын ноябрь айында интернет-провайдердин башкы кеңсеси тинтүүгө алынган.
КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш ишинин алкагында "Акнет" ЖЧКсынын салык документтери текшерилген. Жыйынтыгында ишкана тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталып, 150 миллион сом төлөнүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
"Акнетке" каршы кылмыш иши
2018-жылдын 22-ноябрь күнү Финансы полициясы "Акнеттин" кеңсесин тинтүүгө алган. Буга компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитовдун аталган кызматка кайрылуусу себеп болгон. Ал ишкана кирешесин жашырып жатат деп даттанган. Эртеси күнү провайдердин абоненттери компанияны "рейдерлик басып алуу" болгондугу тууралуу маалымат алышкан. Бирок кийин билдирүү жокко чыгарылган.