Өзгөчө митинг. Жогорку Кеңештин алдында өткөн акциянын видеосу

Цирктин артисттери директорду дайындоодо тааныш-билиштик болуп кетет деп кооптонууда.
Sputnik

Жогорку Кеңештин алдына цирктин ондон ашык артисти каршылык акциясына чыгышты.

Труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкбаевдин айтымында, цирктин директору 45 күндөн бери шайлана элек.

Бүгүн нааразылык акциясына чыккандар цирктин директорлугуна Аида Акматованын талапкерлигин көрсөткөн, бирок аны министрлик дайындабай жатат.

"Бир жарым ай мурда цирктин жетекчиси алынган. Биздин жамаат бир добуштан Аида Акматованы көрсөткөнбүз. Жетекчилик кызматка циркти билген киши келиши керек. Акматова жети жашынан бери циркте иштеп, көйгөйлөрүн жакшы билет. Ал 3-4 жылда цирктин аброюн көтөрөт деп ишенебиз", — деди ал.

Бөлөкбаев ошондой эле алардын койгон талабы аткарылбаса, митингге чыккан 39 киши эртеңден тарта арызын жазып иштен кете турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин алдында нааразычылыгын билдиргендер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратына келип, министр Азамат Жаманкулов менен жолугушту.

Цирк артисттеринин аксакалы Кадырбек Тажиев алардын талабы өзгөрбөй турганын, цирктин директору кылып Аида Акматованы дайындап берүүнү өтүндү.

"Жаштарга орун бериш керек. Алар циркти алдыга жылдырып, өнүктүрөт. Анын үстүнө Аида Акматова цирктин көйгөйүн жакшы билет", — деди ал.

Студенттер имаратты жыйнап жатып кокусунан купуя сырын ачып алышты. Цирктин тарыхы
Министр Жаманкулов артисттердин талабын угуп, бүгүн кечке чейин талапкер боло турчулар менен жолугуп, бир чечимге келе турганын билдирди.

Эскерте кетсек, цирк чуусу бир топтон бери уланып келе жатат. Былтыр декабрда цирктин директору Курмангазы Исанаев кызматтан кеткен. Цирктин жамааты аны коррупциялык иштерге барган деп айыптаса, Исанаев өз кезегинде даттануунун бардыгы аны кызматтан алуунун айла-амалы болгонун айткан. Учурда цирктин жетекчиси али күнчө дайындала элек.