Мухаммедкалый Абылгазиев 51 жашта. Премьер туулган күнүн кантип өткөрөт

Өкмөт башчысы 1968-жылы 20-январда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 20-январда, Абылгазиев 51 жашка чыкты.

"Премьер-министр бул күндү жакындары, үй-бүлөсү менен өткөрөт. Башка салтанат деле пландалган эмес", — деп айтты өкмөт башчынын маалымат катчысы Султаналиев.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Мухамедкалый Абылгазиев тууралуу фактыларды топтогон.