Медведев Абылгазиевге чалып, туулган күнү менен куттуктады

Сөз ортосунда өкмөт башчылар кызматташуу маселелерин да талкуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев телефон аркылуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев бүгүн 51 жашка чыкты

Медведев кесиптешине бекем ден соолук, ишине ийгилик каалады.

Сөз ортосунда өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташуусунун маанилүү маселелерин жана мындан аркы келечегин талкуулаганга да үлгүрүштү.

Абылгазиевди кыргызстандыктар да куттукташты