Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө —3…+2, Нарын аймагында —4…-9 градус суук болору болжолдонду.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында кар жаап, Бишкекте күндүн табы +2…+4, Ош шаарында +5…+7 градуска жетет.