Көлдүн Ак-Шыйрак айылына барчу көпүрө урап, эл ара жолдо калышы ыктымал

Узундугу 126 метрди түзгөн Сырт айылындагы көпүрө 1950-жылдардын башында курулган. Ал аркылуу үч айылдын эли, малчылар жана чек арачылар өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунан Ак-Шыйрак айылына барчу Кара-Сай суусундагы көпүрө жарактан чыгып, жүк ташуучу унаалар суунун үстүнө тоңгон муз аркылуу өтүүгө мажбур. Бул тууралуу облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев аталган аймакка барган учурунда маалым болду.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ал көпүрө 1950-жылдардын башында курулгандыктан жарактан чыгып, автоунаа менен өтүүгө кооптуулук жаратууда. Ал эми оор жүк ташыган автоунаалар суу азайган учурда тобокелге салып кечип өтөт.

"Кыргоо" асыл тукум топоз өстүрүү чарбасынын башчысы Жолдошбек Калчаев көпүрө көйгөйү беш-алты жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын айтат.

1 / 2
Жети-Өгүз районунан Ак-Шыйрак айылына барчу Кара-Сай суусундагы көпүрө жарактан чыгып, жүк ташуучу унаалар суунун үстүнө тоңгон муз аркылуу өтүүгө мажбур.
2 / 2
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ал көпүрө 1950-жылдардын башында курулгандыктан жарактан чыгып, автоунаа менен өтүүгө кооптуулук жаратууда.

"Сырт өрөөндөгү ушул көпүрөнүн иштен чыкканына беш-алты жыл болду. Чоң машиналар сайдагы муздун үстүнөн өтүп, кээде муз жарылып кетип азап тартып келишет. Азыркы тапта көпүрө эптеп эле турат. Жазында суу киргенде аны алып кетүү коркунучу бар", — деди Калчаев.

Бул өрөөндөгү №3 жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Кубаныч Мукамедкалый уулу жаңы көпүрө курууга 32 миллион сом керектелерин белгиледи.

"Бул көпүрө жарактан чыгып 2012-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Бирок мындан чоң машиналар да өтүп, суу каптап кайра эле четинен сынып жатат. Быйыл жаңы көпүрө курууга капиталдык салымдардын эсебинен 17 миллион сом киргиздик. Ага министрлик тарабынан кол коюлса эле курулушу башталат. Жалпы сметалык наркы 32 миллион сом", — деди Мукамедкалый уулу.

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолдун курулушу. Иш үстүндөгү сүрөттөр
Узундугу 126 метрди түзгөн Сырт айылындагы көпүрө 1950-жылдардын башында курулган. Анын эскилиги жеткенде тургундар жергиликтүү бийликке жана өкмөткө кайрылып, 2018-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 15 миллион сом каралган. Бирок долбоор толук ишке ашпай калган. Ал үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан кошумча каражат бөлүнмөк. Аталган министрлик каражаттын көбү Көчмөндөр оюнуна карата көлдүн айланма жолун оңдоого кеткенин айткан.

Ак-Шыйрак облустун эң алыскы айылдарынын катарына кирет, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Бул көпүрө аркылуу үч айылдын эли, малчылар жана чек арачылар өтөт.