Милиция Чүй районунан денеси көгала болгон 4 жашар баланы тапты

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Чүй РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен кордук көргөн балдарды аныктоо боюнча 11-январда рейд өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болуп, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Иш-чара учурунда Чүй районунун Кара-Дөбө айылындагы бир үй-бүлөдөн денесинен жаракат алган 2015-жылкы Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда. Териштирүү учурунда кичинекей бала 31 жаштагы апасы жана 55 жаштагы таенеси менен жашагандыгы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Баланын кордолгонун көрүп-билген киши кайда кайрыла алат? Облустагы телефондор
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана таенеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, былтыр декабрдын аягында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу чара көрүүнү тапшырган.