Бишкекте таякталып ажал тапкан наристе. Шектүү аял камакка алынды

Аял тергөөчүлөргө бала эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Чүй облусунда 2 жашар баланы сабады деген шек менен 32 жаштагы аял кармалганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Наристе ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей чарчап калган.

Окуя 6-декабрда болгон. Кылмышка Россияга иштегени кеткен таанышынын баласын камкордукка алган аял шектелген болчу. Ал тергөөчүлөргө бала эки кабаттуу керебеттен кулап кеткен деп көрсөтмө берген.

Баласын таштап, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер үчүн жаңы мыйзам. Чоо-жайы
Наристенин апасы Россиядан Бишкекке келип, баласын ооруканада карап жаткан жана арыз жазуудан баш тарткан. Бирок ага карабастан укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Денеге атайылап залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Чүй облустук милициясынын билдиришинче, 18-январда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бала уруп-согуудан каза болгону аныкталган. Шектүү аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.