Ишембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 19-январда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +8…+13 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +7…+9 градуска жетет.