Кудаларга даңк! Депутат Садык Шер-Нияздын редактор Канышай Бешбаева менен маеги

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кезектеги "Өзгөчө маегинде" Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз журналисттин ролунда болуп, аталган агенттиктин редактору Канышай Бешбаева менен баарлашты.
Sputnik

Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер, "Айтыш" коомдук фондусунун негиздөөчүсү болгон Садык Шер-Нияздын журналист катары дагы бир жөндөмү даана байкалып, маекти кызыктуу алып барды. Капыстан берилген суроолор катуу ойлондурса, бирде күлкү жаратты.

Төмөндө окурмандарга интервьюнун тексттик түрүн жана кыскартылган видеосун сунуштайбыз.

Садык Шер-Нияз: — Канышай, биринчи жолу журналисттин ролундамын (күлдү). Биз таанышпыз. Улуттук университеттин филология факультетин бүткөнсүз. Андыктан, тил жана аны менен кошо улуттук баалуулуктар туурасында баарлашып көрбөйлүбү. Биринчи кезекте бизге тил эмне үчүн керек?

Канышай Бешбаева: — Ушундай абалда мен да биринчи жолу болуп жатам. Буга чейин суунун аркы жээгинде болуп, интервью алчу элем, берип көрбөптүрмүн.

Студент кезимде бир окутуучум "адам биринчи кезекте өзүнүн тарыхын билиши керек" деген эле. Ал деген улуттун тарыхы деген түшүнүк эмеспи. Тил — улутту улут, элди эл кылып турган нерсе. Тил — биринчи кезекте баарлашуунун куралы.

С.Ш.: — Бирок биз глобалдашууга бара жатпайбызбы. Кыргыз тили жоголо турган тилдердин катарына кирет деген да маалымат бар. Буга кандай карайсыз?

К.Б.: — Ооба, ошондой маалыматтар айтылып келет. Балким кыялда жашаган адаммынбы, же ишенимим ушунчалык күчтүүбү, балким кыргызды ушунчалык сүйөмбү, бирок мен буга ишенбейм. "Манасты" жараткан элдин тили менимче жок болбойт. Билбейм, балким, бир 20-50-100 жылдан кийин кандайдыр бир шумдук өзгөрүүлөр жүрүп, тил өзгөрөр. Менде андай ой жок.

С.Ш.: — Бир кызыңыз бар экен, кайсы тилде сүйлөйт?

К.Б.: — Кыргыз, орус тилдеринде сүйлөйт. Мени кубантканы — азыр бала бакчадан англис тилин үйрөнүп жатат.

С.Ш.: — Сурап жаткан себебим, менин да балдарымдын жарымысынын тили кыргызча, теңиники орусча чыгып калды. Чындыгында эле эне тилибизге оор коркунуч бар. Тилди өстүрүүдө биз кайсы жагынан аксатып жатабыз? Тилдин баалуулугун арттыруу үчүн эмне кылышыбыз керек?

К.Б.: — Өзүбүз сүйлөбөсөк жоголот да.

С.Ш.: — Кээ бир өнөрлөр баш көтөрүп өсүп калды. Айтыш, кинематография дейли. Жазуучулук өнөрүбүз бүгүн пас акыбалда турат. Негизи өнөрдүн, маданияттын башаты катары адабият турушу керек эле.

К.Б.: — Бул сөздү сиз миң, миллион ирет уккан чыгарсыз. Антсе да айтып коеюн, мисалы, сиз көтөрүп чыккан айтыш Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев менен бүттү дечү эмес белек. Азыр акындарыбыз кудайга шүгүр. Көңүл бурса, тереңден сууруп чыкса, ошого колдоо болсо, жок дегенде жылуу сөз болсо чыгат экен да.

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз

С.Ш.: — Эмне үчүн анда жаштар ошондой бир багытты жоопкерчилик менен мойнуңарга албайсыңар? Бизде өспөй туруп турган багыттар бар. Таңгалганым, кыргыз тилинде сүйлөгөн, кыргызча алып барган миңге чукул журналистти кыргыз тили, жазуучулук өнөр кызыктырбайт. Эмне үчүн силер ал өнөрдү өстүрүүнү ойлонбойсуңар?

К.Б.: — Чынын айтсам, ойлонбоптурмун.

С.Ш.: — Биз кыргыз тили, улуттук баалуулуктар десек, аны алып чыгыш керек да. Бирөө мойнуна алып, жалгыз бирөө болбосо чогулуп дегендей. Ойлоно турган маселе.

Азыркы жаштарга сын айтылып келет. Биз көп учурда кийинки муунду түшүнбөйбүз. Бул миңдеген жылдардан бери келе жаткан нерсе. Жаштардан "өзүңөрдүн жумушуңардан бөлөк улуттук баалуулукту көтөрүш үчүн эмне кылып жатасыңар?" деп сурагым келет.

Раев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин
К.Б.: — Мени жаштар категориясына кошконуңузга чоң рахмат! Мен деле мындай карап кийинки муунга сын айта турган курактамын. Биз Советтер Союзунун мезгилинде төрөлүп, андан кийин эгемендик жылдарында чоңоюп, чымын-куюн заманга туш болуп, кичине-кичине дайныбызды таппайыраак калган муунбуз. Же тигил жак, же бул жакта эмес, өзүбүздү коомайыраак сезген муунбуз. Анткени менен уучубуз кур эмес. Мен жеке өзүмдү эле айтсам, 2011-жылы элимди-жеримди жакшы көрөм деп отуруп, көкүрөк толуп жетип, kazyna.kg деген сайт ачып, улуттук баалуулуктарга басым жасаган элек. Азыр кемчиликтерин көрүп жатам. Көрсө, бир эле тармагын көтөрүп келбей, өтө кенен камтып алыптырбыз. Ал ойдун, демилгенин чоң жакшы жактары бар эле. Тилекке каршы, кийин улантылбай кетти. Бизде ал жакка кылым карытып келе жаткан манасчылыгынан баштап, кыргыздын табыпчылык, комузчулук, айтуучулук, деги койчу, өнөрдүн баарын батыралы деген тилек эле.

С.Ш.: — Кечирип кой, сөзүңүздү бөлүп жатам, бул менин оюмча, жанагы өспүрүмдүк оптимизм десе болот. Анткени бардыгын тегиз алып кетем дегендин кесепетинен биз ушул акыбалдабыз. Бир өзүнчө бөлүктү алып, ошону чыгарганга аракет кылыш керек…

К.Б.: — Сиздей болуп?

С.Ш.: — Ооба, мисалы айтыш өнөрүн, манасчыларды, кинематографияны өзүнчө алдык. Кийин прокатты… Бир суроо. Жаштар азыр бакыт деп эмнени түшүнөт болду экен?

К.Б.: — Бул суроону берээриңизди эмнегедир билгем. Сен кайсы мамлекетти жердебе, кайсы куракта болбо, кандай турмушта жашаба, жан дүйнөң тынч болсо, ошол бакыт. Бул менин жеке түшүнүгүм.

С.Ш.: — Мен деле муну так айта албайм. Дэвид Чапман деген окумуштуунун китеби жакты. Бакыт деген жакындарың, досторуң менен баарлашуу, экинчиден, сен жакшы көргөн жумуш дейт. Мен аты кала турган, чоң нерсе жасоо да бакыт го дейм. Бирок баары эле мунун артынан чуркай бербейт. Менде дагы бир суроо жаралды. Сизде бала кезде ушуну кылышым керек эле деген ой барбы же баарына жеттиңизби?

К.Б.: — Жарым-жартылай… Кичинемден тарта эле мугалим болгум келчү. Эгер шартым туура келсе, мектепке эле мугалим болуп кирмекмин.

С.Ш.: — Эмнеге?

К.Б.: — Билбейм… Колумдан келет. Мугалим болсом мындан да көбүрөөк пайда келтирмекмин. Азыр кандай иштеп жатам, билбейм. Мугалимдик — дилимдеги кесип.

С.Ш.: — Эмнеге ал кесипти аркалабайсыз?

К.Б.: — Аркаладым. Кыргыз тили жана адабиятынан сабак бердим. Ошон үчүн жарым-жартылай деп жатпаймынбы. Ал окуучуларым менен азыр да байланышта болуп турам. Тилекке каршы, 2-3 эле жыл иштедим. Бирок айылда иштеген ошол үч жылды ушундай бир канааттануу менен эстейм.

Выпускающий редактор информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Канышай Бешбаева

С.Ш.: — Канааттануу менен иштесеңиз, азыр ошол кесипти эмнеге аркалабай жүрөсүз?

К.Б.: — Биринчиден, турмуш-шарт ошондой болуп калды. Экинчиден, айылыгы аз. Мындай да, класс жетекчи болуп, сабак берип, мектептин турмушуна кадимкидей аралашкым келет. Мындан 5-6 жыл мурда мектепке кирейин десем, орун жок дешти, ортого сөзсүз киши салыш керек болду. Анан предметник деп коет го, кирип-чыгып сабак берген, жок, мен андай эмес, мектептин жашоосуна жуурулушуп жашагым келген. Андай шарт болбой калды.

С.Ш.: — Негизи иштеп алыптырсыз да. Мен бала кезде режиссерлукту дегдегем. Бирок кино тартканга менин жолум өтө алыс болуп, ага 38 жашымда келдим. Ошол мезгилде чоң кызматты (КРдин Акыйкатчысынын орун басары — ред.) аркалап тургам. Аны таштап кеттим. Эгерде кино тартпай калсам, эңсеген оюмду аткарбасам, өмүр бою өкүттө каларымды билдим. Уялчаактыкка кандай карайсыз?

К.Б.: — Уялчаактык эмес, тартынчаактыкка мен оң эле карайм. Ал биздин менталитетибиздеги нерсе го. Бул сөздүн 2-3 мааниси болсо керек. Жөн эле жерден жылжыңдап уяла бергендин, албетте, жөнү жок. Мисалы, үй толтура улуулар турса, жажылдап сүйлөй албайсың да.

С.Ш.: — (күлдү) Мисалы, мен тартынчаактыкты коркуунун бир түрү деп түшүнүп, өзүмдөгү бул сапатты кесип салгым келет. Тартынган жеримде өзүмдү кийин ушунчалык жерийм. Мисалы, Жогорку Кеңеште отурганда деле кээде колду көтөрүп, микрофонго туруп, басып баруу кыйын. Ал жерде кыргыздын жүздөгөн каймактары отурат. Сөз орундуубу же орунсуз чыгып калабы… Такалып же берген сурооңуз туура эмес болуп кетиши мүмкүн.

К.Б.: — Ошол жерде отурган 120 кишинин баары ушинтип ойлонсо жакшы болмок…

С.Ш.: — Киного көз карашыңыз?

К.Б.: — Атайын отуруп алып деле кино көрө элекмин.

С.Ш.: — Мага кызык болуп жатат, азыр силер, ушул курактагылар, эмнеге көңүл бөлөсүңөр? Негизи эле силердин муун эмнеге кызыгат?

К.Б.: — Биздин иште маалымат өтө көп жана ар тармактан болгондуктан, бардык нерседен кабардар болгондойсуң да…

С.Ш.: — Оор эмеспи?

К.Б.: — Албетте, оор. Бутуңду тарта албай келесиң, анан каяктагы кино. Эртең менен саат тогуздарда келип, кечки сегиздерде кетебиз. Кээде түнгө чейин иштейбиз.

С.Ш.: — Акыркы жолку көргөн кино, Канышай?!

К.Б.: — "Саякбай".

Интервью депутата ЖК Садыка Шер-Нияза с выпускающим редактором Sputnik Кыргызстан Канышай Бешбаевой

С.Ш.: — Ал деген эки жыл мурдагы тасма. Эмнеге мындай суроолорду берип жатканымдын себеби, мен режиссер катары түшүнгүм келет. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повести боюнча тартылган кинону көрдүм. Жакшы, классикалык түрдө тартылыптыр. Аны көрүп жатып, жаштардын бүгүнкү жашоосундагы ою менен жашоосун чагылдырган чыгармага муктаж болуп калыптырбыз деген ой кетти. Ошол убактагы Илияс үйүнө бир-эки күн келбей койсо, Асел баарын түшүнүп эле… Бүгүн андай эмес да. Ар бир убактын чыгармасы болуш керек деген ойдомун. Улуу чыгармалар калат, маселен, ошол эле "Делбирим". Эң көп тартылган кино.

К.Б.: — Сиздин пикириңизче, биз үчүн классика болуп калган чыгарманы бүгүнкү күнгө ылайыктап тартуу керек?

С.Ш.: — Абдан сонун! Себеп дегенде биздин коркуу сезимибиз бар. Маселен, "Манас" эпосун дагы китептерде комикс кылып жасагандан тартынабыз. Маселен, балдар Манастын образын көрөт эле. Биз ыйык нерсени кармап алып эле жайылта албаганыбыз ушундан. Андыктан, бүгүн биздин балдар "Манасты" эмес, "Жөргөмүш кишини" көбүрөөк билет да.

К.Б.: — Бул жанагы сиз айткан тартынчаактыкпы?

С.Ш.: — Бул деген биздин маданиятыбызга кээ бир сыйлуу, сакралдуу нерселерибизге өтө эле пакиза, коркуу, аялуу сезим менен караганыбыз деп түшүнөм. Мындайдын кереги жок. Кийинки муун жакында "Манас" ким экендигин билбей калат. Дагы жакшы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатабыз. Аалы Токомбаев, Мидин Алыбаев, Мукай Элебаев жөнүндө билбей калышты.

Жанагы суроонун уландысын берейинчи. Сиз урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай эрдик кылгыңыз келеби? Мен ушуну кылышым керек эле деген ой келеби?

К.Б.: — Ооба, эрдик жасагым келет.

С.Ш.: —Ушул тараптан жасасам деп издейсизби?

К.Б.: — Сиз сурасаңыз, ойлонуп жатам. Албетте, издениш керек. (Пауза) Чоңураак, пайдалуураак.

С.Ш.: — Кыргызстан алдыга чыгыш үчүн бизге биринчи кезекте эмне керек деп ойлойсуз?

К.Б.: — Чынын айтсам, билбейм. Элдин баары ушул туурасында сөз кылат. Азыр айтсам, жалпыланган эле сөз болуп калганы жатат. Чындыгында муну жасап жиберсек эле кыйратып өнүктүрүп жиберебиз деп айта албайм. Биз эмес, сиздер билбей жатасыздар, анан бизге окшогон карапайым эл кайдан билет.

С.Ш.: — Туура. Кызыңыз канчада? Аны тарбиялоодо, сүйлөшүүдө кандайдыр бир проблемалар барбы?

Ыргал Кадыралиева Расул Усеналиевден маек алды. Бурулайдан шок кылган редакторго чейин
К.Б.: — Кызым беш жарымда. Аты Акбийке. Ооба. Жөнөкөйлөрүн эле айтайын. Мен иштен барганда чөнтөк телефонду алат да, "Майнкраф", "Жилейный мишка Валерка" дейби, айтор, ошондойлорго кызыгат. Эгерде маанилүү бир нерселерди көрсө, башкача карамакмын… Жакшынакай эле эки башы, эки көзү, эки буту бар персонаждар болсо түшүнөт элем… Мен мындай нерселерди көрө берсе эмне болот деп кийинки психологиясынан корком. Анан бая күнү атайын жаныма отургузуп алып, "Двенадцать месяцев", "Аленький цветочек" сыяктуу мультфильмдерди коюп берсем, "жок, мага скучно" дейт.

С.Ш.: —Технологиялык жаңылыктардан ушундай артта калган экенмин деп караңгылыкка күйгөн учурлар болду беле? Андан мурда мен өзүмдүн окуямды айтып берейинчи. Германияда аскердик кызматты өтөп жүргөн 1988-1989-жылдар эле. Так эсимде жок, кыязы дембель болуп кетип бара жатсам керек. Шверин шаарына жакын аймак эле. Ээн жерде калдайган сүрөттө жарык күйүп турат. Чыкыроон болуп турган. Киши резина дөңгөлөктү кармап турат, астындагы жазуу көзгө урунду. Таңгалып эки жакты карайм, же жанында дүкөн жок. Сүрөттү тиктеп көпкө турдум. Кудай турат, эч нерсе түшүнгөн жокмун. Ары жагын карайм, бери жагын карайм. Азыр ойлоп көрсөм, ал деген реклама турбайбы! Ал учурда бизде имараттардын башындагы "Храните деньги в сберкассах" дегенден башканы көрчү эмеспиз да. Эстесеңер. Мына, канчалык караңгы болгонбуз. Муну айткан себебим, мен жаңы технологияларды билүүгө, түшүнүүгө, аны пайдаланууга, алдыда жүрүүгө дайыма аракет кылам. Сизде ушундай учурлар болду беле?

К.Б.: — Албетте, болгон. Мен 2015-жылдын май айында ушул ишке келдим. Анан аңгемелешүүдөн өтүп, иштей баштадым. Кесиптештерим бир нерсени талкуулап эле, планеркада сунуштарын шакылдатып айтып, темаларды көтөрүп чыгып жатышат. Смартфонум да жок экен, кадимки эле кнопкалуу аппарат көтөрүп жүрчүмүн. "Копирайт", "инжект", "тайтл" деген сөздөр кулагыма ушунчалык өөн учураган. Өзүмдү ушунчалык артта калган, эч кимге керегим жок, ушу менен көмүлүп кала тургандай сездим. Ыза болуп, ыйлагым келген.

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз

С.Ш.: — Ушул боюнча бир сырды ачып коеюнбу. Саясатчылар арасында жүрүп бир нерсени байкадым. Алар менен сүйлөшкүң келет да, убактысы тартыш болгон үчүн дайыма чымын-куюн болуп жүрүшөт. Кененирээк, адамдай болуп сүйлөшө албайсың. Өзүм баарлашканды жакшы көргөн кишимин. Аларга мен да, менин жанагы айтып жаткан улуттук баалуулук ж.б. темаларым кызык эмес окшойт го. Кесиптештериме кимди кызматтан алды, анын ордуна ким келгени жатат, кимди койгону жатат, эмне үчүн ал барат, анткени беркинин тууганы, жакында мындай өзгөрүү болот экен ж.б.у.с. тема кызык. Менин сөздөрүм аларга таптакыр эле бир апендинин сөзүндөй туюлат окшойт деп ойлойм.

Бирок мен алар менен сүйлөшүүнүн жолун таап алдым. Телефон чалып туруп, салабаттуу үн менен "келип кетсең, бир жакшы жаңылык бар" дейсиң. Башка учурда чай ичип кет же башка деп чакырсаң келбейт. Жанагинтип чалсаң, дароо келип калат. Анан "президенттин сөзүн уктуңбу, интонацияны байкаган жоксуңбу, ушундай болгону жатыптыр" деп ойдон чыгарган эле нерсени, иши кылып жаңылык катары айтып койсоң, ишенген бойдон кетет….Уильям Шекспир айткандай, жашоо — театр, мен журналисттин, сиз интервью берген кишинин ролун, бул киши оператордун, тигил жакта дагы бири салабаттуу болуп редактордун ролун ойноп отурушат. Чындыгында, баарыбыз ролдобуз. Ошол ролдорду так аткарышыбыз керек да…

К.Б.: — Туптуура айтасыз, коомдо, адамдар ортосунда, туугандар ортосунда ролдогу түшүнбөстүк, пикир келишпестик келип чыкканда дисбаланс пайда болот…

С.Ш.: — Сурап жатканым, үйдө апанын, сүйүктүү жардын ролдорун ойнойбуз. Сүйүүдөгү ролдун чеги кайсы жерде болушу керек? Сүйүү бардык психологдун айтымында, үч жылдан кийин жоголот. Стандарты эки жыл. Жок, мен дагы эле баягыдаймын дегендер болушу мүмкүн…

Миллион доллар, ар намыс, сүйүү. Вице-мэр Sputnik.kg редакторунан интервью алды
К.Б.: — Анчалык деле кыйын болбой өзүмдүкүн айтып берейинчи. Мен негизи кудайдан жан туйгу адам тилегем. Жараткан мага кадырлап ала турган, мени көзүмдөн түшүнгөн адамды берди. Жаш өткөн сайын сүйүүдөн дагы жогору турган эки адамдын ортосундагы урмат-сый деген нерсе бар экендигин билдим.

С.Ш.: — Туура, менин оюмча да негизи ошол туура. Балдар үчүн, үй-бүлө үчүн, ортодогу ыйык сезим үчүн.

К.Б.: — Азыр жаман нерсе айтат окшойм.

С.Ш.: — Жок, жаман болсо айтпай эле коюңуз. Мейли эми… анда ороп айтыңызчы.

К.Б.:— Ммм… Бала үчүн деген нерсеге менде эмнегедир эле көкүрөктө каршы нерсе бар да. Менимче, бала үчүн эки адам өзүн-өзү кыйнап жашабашы керек. Ал эми жалпылап келсек, ал ар бир адамдын өзүнө байланыштуу болсо керек.

С.Ш.: — Дагы бир суроо. Кыргызстандын келечегин ойлогондо сизди эмне кооптондурат?

К.Б.: — Мамлекеттин сырткы карызын ойлогондо, анын ичинен Кытайга болгон карызын эстегенде төбө чачым тик турат. Биз го кете беребиз, жыргап алып койдук. Келечек муун кантет деген ой жейт.

С.Ш.: — Кыргызстандын 25 жылдан берки сыймыктана турган жагын, позитивдүү жагын айтып бере аласызбы?

К.Б.: — Кандай болбосун, эмне болбосун, өзүмдүн мекеним, мамлекетим бар. Башымды өйдө көтөрүп, катуу-катуу баса алам, сөзүм өтүмдүү.

С.Ш.: — Сиз жалпылап жатасыз. Кайра суроо берейин, кандай жакшы, позитивдүү нерселер болду?

К.Б.: — Оозума революциялар келип жатат. Бирок ал жакшы эмес.

С.Ш.: — Бир нерсе жакшы болуш керек го.

К.Б.: — "Ала-Тоо" аянтындагы түндүк көтөргөн аял эч качан алынбайт го деп ойлогом. Башкача күч керек го дечүмүн. Кейичимүн, туура эмес көрчүмүн. Алынып, анын ордуна Манастын айкели турганда бир башкача кубангам.

С.Ш.: — Жаңы технологияга кандай карайсыз? Эмнелерди колдоносуз?

К.Б.: — Ушул жагынан артта калгам. Ал тургай смартфондун бардык функцияларын билбейм. Анын ичиндегилерди бул жердеги балдарга көрсөтүп, ачтырып алам.

С.Ш.: — Мүмкүн ал дагы жакшыдыр. Гений агабыз Чыңгыз Айтматов да англисче сүйлөгөндү, машина айдаганды билбептир. Мүмкүн, бул жакшы сапаттыр.

К.Б.: — Тынчыраактыр деп ойлойм. Кулагына, колуна ар кыл жабдуулар тагылган. Мээси секунд дагы бошобойт. Мындай болбойт. Эми бул менин жеке пикирим.

Выпускающий редактор информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Канышай Бешбаева

С.Ш.: — Динге көз карашыңыз кандай? Деги кандай диндесиз (күлдү)? Бүгүн кыргыздан ушинтип сураш керек болуп калды. Анткени баптисттер, теңирчилер, пресвитериандар, католиктер…

К.Б.: — Кудайга ишенем. Бул ири алкактагы түшүнүк. Исламдан, теңирчилик, баптисттерден жогору турган нерсе. Кудайга ишенем, абийириме ишенем жана салтты бекем кармайм. Мен үчүн кыргыздын жөрөлгөлөрү, каада-салт, ырым-жырымы жөн эле сөз эмес.

С.Ш.: — Ислам динине кыргыздын жөрөлгөсү туура эмес келип жатса, биринчи эмнени коесуз?

К.Б.: — Салтты.

С.Ш.: — Ошол эле убакта салттарда жаңы нерсе болушу керек деп ойлойсузбу же бардыгын туура деп кабыл алсак болобу? Маселен, азыр кыз узатуу деген үйлөнүү тоюнан кем болбой калды. Буга кандай карайсыз?

К.Б.: — Түпкүрүндө салттын баары эле туура. Ал эми кыз узатуу деле азыркы учурдун талабына жараша болуш керек го. Ким билет эми. Азыр кызым беш жарым жашта. Кудай буюрса, 15-16 жылдан кийин мен дагы кыз берип, куда күтөм. Жалгыз кызым болсо, мен деле чоң жакшылык өткөргүм келет. Ошондон улам айтып жатам.

С.Ш.: — Муну сурап жаткан себебим, мен ушул жашка чейин өткөрүп көргөн эмесмин.

К.Б.: — Кыз узатуубу?

С.Ш.: — Эч бирин. Сүннөт той, кыз узатуу, там той, кызмат той, юбилей той, айтор, таптакыр той берген эмесмин. Бирөөлөрдүн тоюна барганды да жаман көрөм. Айла жок, кыйбас дос-туугандардыкына эле барганым болбосо.

К.Б.: — Той бербесеңиз, жакшы жашап жаткан турбайсызбы. А эмнеге барбайсыз?

С.Ш.: — Азыр сиз менен баарлашып мен керемет убакыт өткөрүп жатам. Тойдо минте албайсыз. Биринчиден, чоочун кишилер. Экинчиден, кулак-мээни жарган музыка. Мисалы, катуу музыка чыгып жатканда кантип бирөө менен сүйлөшө аласыз, түшүнбөйм. Ал жерде кыйкырып сүйлөшүүгө туура келет. Жакында юбилейим болот, той бербей кантип кутулуп кетсем деп ойлонуп жатам. Ушундай нерселерге өзгөртүү киргизүү керек го. А сиз куданы ойлоп отурасыз.

К.Б.: — Эми бул боло турган нерсе да.

С.Ш.: — Жок… биз куда үчүн жашаганыбыз туурабы? Ошол кудаларга эстелик коюш керек, кандай дейсиз. Кыргыздын баары куда үчүн жашайт.

Сурабалдиева Эркин Рыскулбековдон интервью алды. Эрте кеткен эркектер, кооптуу карылык
К.Б.: — Айтпаңыз. Куда келээрде үй ремонт болот, жыйналат…

С.Ш.: — Ошол кудалар бар үчүн кыргыздар жашап жатат. Ошолор үчүн там курат. Жанагы 30 киши бата турган байкуш залына өмүрү кирбейт. Кудалар келээрде ачылат.

К.Б.: — Ооба, чоң тамды бекитип коюп, өздөрү времянкада жашашат.

С.Ш.: — Кандай дейсиз, кудаларга эстелик деген жакшы, жаңы идея болду. Кыргызстандын келечеги, коррупциядан кутулабыз деп жашабайт кыргыз, "жашасын кудалар" дешибиз керек экен. Бизди келечекте умтултуп жаткан кудалар. Баса, сиз кандай тамда турасыз?

К.Б.: — Көп кабаттуу тамда жашайбыз.

С.Ш.: — Куда келсе, кантип тососуз анан?

К.Б.: — Өзүңүз айттыңыз го, кыргыз куда үчүн жашайт деп, ага чейин биз дагы жер үй курабыз да. Кандай гана стимул (күлүштү).

С.Ш.: — Ушул теманы буга чейин сындап келчү элем. Эми сизден сөздөн кийин оюм өзгөрдү. Кыргызга чоң бир руханий күч берген адам кудалар экен да. Кудайга тобо-о-о! Өлкөдө сегиз саат иштеп, бир саат дем алып, анан кайра төрт саат иштейт да. Бир гана кыргыздар төрт саат тамак жеп, 15 мүнөт эс алат. Анан кайра дагы төрт саат тамак жейт. Кыргыздар уникалдуу эл, ээ?..

Жакшы сөз болду деп ойлойм. Жакшы сүйлөштүк. Биринчи жолу маек алып жатам, кээ бир суроолорум курчураак болсо, ал менин мүнөзүм, кечирим сурайм. Сизден көп нерсе алдым.