БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына чогулгандардын 30га чукулун милиция кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, тартип сакчылар кармоого митингчилердин жолду тосууга аракет кылганы себеп болгон.
Милиционерлер кармалгандарды автобуска салып кетишти. Ал эми негизги массаны Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин сүрүп салышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги митингден тексттик трансляция жүргүзүүдө.