Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер

Интернетте #ЖК_кечирим_сурасын жана #позорпарламенту сындуу хэштегдер пайда болду
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду дресс-кодду сактабадың деген кине менен парламенттен чыгарып жибергени кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. 

Футболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу

Социалдык тармак ушул учурдагы Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторовдун айтканына да реакциясын билдирди.

Интернет айдыңында бул окуядан улам Жогорку Кеңештин депутаты аткаминерден кечирим сурасын деген пикирлер айтылды.

Бул туурасында Жакшылык Матанов аттуу колдонуучу атайын акцияны демилгеледи.

"Кечирим сурашын баарыбыз талап кылышыбыз шарт! Балким ал киши коррупционер эмес, айлыгы үй-бүлөсүнө араң жетээр. Колунда барын кийип, мамлекет үчүн кызмат кылып жүргөндүр. #ЖК_кечирим_сурасын", —деген ал.

Ал эми акын Бердибек Жамгырчиев бул окуяга карата өзүнүн көз карашын "Кээ бир "манап" депутаттарга" деп аталган "одасы" менен билдирген.

"Кийимиңер жылтырап тазасыңар,
Көгүчкөндөй койкоңдоп басасыңар.
Атыңарды жазалбай жүрөсүңөр,
Анан кайсы мыйзамды жазасыңар.
Кутурбачы пайдасыз ак үйүңдө,
Кудайдын да өзүнчө жазасы бар!", — деген ал.

Ушул эле посттун алдына бир топ комментарийлер жазылып, депутаттын бул кадамын туура эмес деп тапкан пикирди айтышкан. Буга кошумча #позорпарламенту деген да хэштегдерди окууга болот.

Андан сырткары, бул окуяга сарказм менен карап, пикирин калтырган интернет колдонуучулар болду.

"Базарга барып, көйнөк кАстим шым алып коеюн. Кокус жогорку кеңешке барып калсам", — деп жазды Максым Баткенский аттуу жаран.

Журналист Дилбар Алимова кайсы түшүнүк боюнча "бул болот, бул болбойт" деп тандашат деп суроо салган.

"Ал кишини деле көрдүм, кара костюм, шым кийип, папка көтөрүп эле жүргөн. Болгон "айыбы" эле ичинен көйнөк менен галстук эмес, свитер кийиптир. Ошондо ал классикалык кийимге кирбей калабы?", — деген журналист.

Бердибек Жамгырчиев дресс-код боюнча алгачкылардан болуп үн каткан Алмазбек Токторов тууралуу суроо салган.

"Бул кайсы манап депутат? Элдин далай көйгөйүндө үн катпай бирөөнүн кийимине асылып кемсинткен мындай эл өкүлү мурун кайда жаткан???" — деген ал.

"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?
Дресс-код боюнча бул окуя депутаттардын коомчулуктун сынына кабылган биринчи жолку учуру эмес. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин жакалап, инспекторго тап берген айдоочусунун видеосуна өзүнүн дагы кошулуп калганына нааразы болуп, журналистти "келесоо" деп атаган

Депутат Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнүн кызматтык унаасыз жүргөнүнө уяларын билдирген.