Депутат Маматалиев: өкмөт отставкага кетсин же ишин жакшыртсын!

Эл өкүлү эреже бузуу боюнча жаңы кодекстин иштешин тездетүү керек деген пикирде.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Эреже бузуу боюнча жаңы кодекстин ишке ашышы боюнча өкмөттүн жасаган иши жеткиликтүү эместигин айтып, "мындай боло берсе өкмөт отставкага кетиши керек, же тез арада жумуштарды жакшы аткарышы керек" деген пикирин айтты.

Эл өкүлү өкмөт өткөн жумада айдоочулук күбөлүк менен техникалык паспорттордун жаңы үлгүсүн чыгара турганын жарыялаганын белгилеп, бирок анын жол-жобосу так жазылбаганына токтолду.

"Эң негизги аргумент жасалмалуулукка каршы туруу деп жатышат. Бул кадамдар реформа, элге жеңилдик берүү кадамдарыбы? Тилекке каршы, андай эмес. Эреже бузуу кодекси боюнча айдоочулук күбөлүгүңүз жок болсо 5500 сом айып салынат, унутуп калсаңыз, 1000 сом төлөйсүз. Ошону милиция кантип тастыктайт? Аны тастыктоонун методологиясы жок", — деди депутат.

Мас айдоочулар катуу жазаланбай калабы? Жаңы мыйзамдагы карама-каршылыктар
Эл өкүлү айдоочулук күбөлүк боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүү керектигин билдирди.

"Мисалы, Грузияда кандай иштейт? Премьер өзү да барып келди. Грузияда айдоочулардын жанында сөзсүз түрдө айдоочулук күбөлүгү болсун деген норманы алып салган. Керек болгон учурда электрондук база менен текшерип, толук маалымат алса болот. Бизде андай кадамдар жасалган жок. Тескерисинче, жаңы үлгүнү ойлоп таап, элден акча алганы жатышат", — деди Маматалиев.

Парламентарий Эреже бузуулар жөнүндөгү жаңы кодекстин ишке ашышы боюнча иштерди тездетүүнү өтүндү.