Өкмөт: сегиз жылда 60 кытай жараны кыргызстандыктар менен никеге турган

2018-жылы кытайлык жарандар үчүн иштөөгө 9270 орун берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова 2010-жылдан 2018-жылга чейин чет элдиктер менен никеге турган кыргызстандыктардын саны тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Ага ылайык, сегиз жыл аралыгында 17 669 адам чет элдиктер менен никеге турган. Анын ичинде 60 кытай жараны КР жарандары менен үйлөнгөн.

Андан сырткары, Өмүрбекова 2018-жылы Кыргызстанга 6 миллион 481 миң адам киргенин, анын 35215и кытай жараны экенин белгиледи. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу аз. Мурдагы жылы 41307 Кытай жараны келген.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын аймагында 998 миң чет өлкөлүк жаран катталган, анын ичинен кытай жарандарынын саны 24836 адам", — деди ал.

"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти
Өмүрбекова ошондой эле 2018-жылы 16490 адамга иштөө үчүн квота каралып, бирок иш жүзүндө 12950 адамга иштөөгө уруксат берилгенин айтты. Кытайлык жарандар үчүн иштөөгө 9270 орун берилген. 2017-жылы бул көрсөткүч 11593 болчу.

Ал эми 2017-жылы 4793 адам, 2018-жылы 2620 адам Кыргызстандын жарандыгын алган.

Мындан тышкары, 9 жылда Кыргызстандын жарандыгын алган кытай жарандарынын саны 352 адамды түзөт. Анын ичинен 171 киши этникалык кыргыздар, 72 киши уйгур улутундагылар, 9у өзбек жана алтоо кытай улутундагы адамдар.