Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт

Ушул тапта борбор калаанын башкы аянтында кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болгондордун митинги өтүп жатат. Ал жакта азыр 300дөй жаран турат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митингге чыккандардын көпчүлүгү жерге түкүрбөй, таштанды урнасына барып, чылымды дагы ошол жерде чегип жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

"Нааразычылык акциясына чогулгандардын көбү урнанын жанында чылым чегип, калдыгын таштандыга ыргытып, ошол жерге түкүрүп жатышат", — деди кабарчы.

1 / 3
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митингге чыккандардын көпчүлүгү жерге түкүрбөй, таштанды урнасына барып, чылымды дагы ошол жерде чегип жатышат.
2 / 3
Эске салсак, ушул тапта борбор калаанын башкы аянтында кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болгондордун митинги өтүп жатат.
3 / 3
Ал жакта азыр 300дөй жаран турат.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Учурда эмне болуп жатат
Эске салсак, ушул тапта борбор калаанын башкы аянтында кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болгондордун митинги өтүп жатат. Ал жакта азыр 300дөй жаран турат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирди. Ага ылайык, коомдук жайга түкүргөн адам 5500 сом айыпка жыгылат.

Учурда "Ала-Тоо" аянтында эмне болуп жаткандыгын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясын окуңуз