Алматыдагы санаторийде тик учак кулап түштү. Сүрөт

Учкуч Тез жардам кызматынын автоунаасында үзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Алматыда тик учак кулап түшкөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

1 / 2
Алматыда тик учак кулап түшкөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди
2 / 2
Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча Sky Service авиакомпаниясына таандык Еврокоптер-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдай —Алматы чоң көлү багыты боюнча учуп бараткан.

Кыйраган учактан улам Жээнбеков Иран президентине көңүл айтты
Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча Sky Service авиакомпаниясына таандык Еврокоптер-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдай —Алматы чоң көлү багыты боюнча учуп бараткан.

Ал Таусамалы Наурызбай кичирайонундагы "Алатау" санаториясынын аймагына саат 16:05те кулап түшкөн. Ичинде 51 жаштагы учкуч Валентин Шитов өзү гана болгон. Аны куткаруучулар тапкан учурда тирүү болгон, бирок Тез жардам кызматынын автоунаасы менен ооруканага баратканда жолдо үзүлгөн.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтене баштады.