БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дене көнүгүүлөрү менен туура салмакта жүрүү жүрөк оорусуна кабылуу тобокелчилигин эки эсеге азайтат. Кардиологдордун бул тууралуу макаласы European Heart Journal басылмасына жарыяланды.
Окумуштуулар иликтөө адамдарды спорт менен машыгууга, көтөрүмдүү болууга үндөйт деген пикирде.
"Бир нече айга созулган үзгүлтүксүз дене көнүгүүлөрү жүрөктүн токтоп калуусунан сактайт", — деди Норвегиядагы илимий-технологиялык университеттин адиси Йон Летнес.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жүрөк жана кан тамыр оорулары, ошондой эле инфаркт, инсульт илдеттеринен жыл сайын 17 миллион адам каза табат. Буга кыймылдын аздыгы, улгайган куракта организмде холестерин жана башка зыяндуу заттардын топтолушу себеп экени айтылып келет.
Натыйжада жүрөгү токтоп каза болгондордун арасында көп машыккандар эки эсе аз кездешкен. Бул аялдарга да, эркектерге да, жашына да, карысына да бирдей тиешелүү көрсөткүч экени айтылды.