БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналду рак менен ооруп Италияда дарыланып жаткан кыргызстандык кызга барып, абалын көрдү. Бул тууралуу Facebook баракчасына Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери Дамира Байзакова жазды.
Жаңы жыл алдында италиялык “Ювентус” клубунун оюнчулары Турин шаарында жайгашкан онкологиялык ооруканага барышкан. Кичинекей бейтаптарга Роналду менен Паоло Дибала жана Хуан Куадрадо да барып учурашкан.
Байзакованын айтымында, Кыргызстандан барган кыздын аты Юна, аталган дарттан сөөгү жабыркаган. Дарылануунун эң оор этаптары артта калды. Наристе химиотерапияны Кыргызстандан алып, андан кийинки дарылануу үчүн Туринге келген.
Ошол эле ооруканада дарыланып жаткан Нурпазыл аттуу кыргызстандык баланы туриндик полиция кызматкерлери барып көрүп, белек берип кайтышкан.