Улуттук курама команданын жеңишке жетишине чабуулчу Виталий Люкс бирден бир себепчи болду. Анткени ал өзү атаандаштардын дарбазасына үч ирет топ киргизди. Натыйжада оюн 3:1 эсеби менен аяктады.
Беттеш Дубайдагы "Мактум Бин Рашид Аль Мактум" стадионунда өттү. Азия футбол конфедерациясынын Youtube каналына кирген голдордун топтому жарыялады.
Ушуну менен кыргызстандыктар мелдештин тайпалык этабын жыйынтыктады. Улуттук курама команда тарыхта биринчи ирет Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Кыргыз футболчулары буга чейин тайпалаштары Кытай (1:2) жана Түштүк Кореядан (0:1) утулуп калган. Филиппин командасын жеңүү менен Кыргызстан 1/8 финалына чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Толук жыйынтык тайпалык этаптын алкагындагы башка таймаштардан кийин белгилүү болот.