Азаматсыңар, "Ак шумкарлар"! Кыргызстан Филиппин футболчуларын утуп алды. Сүрөт

Беттеш Дубайдагы "Мактум Бин Рашид Аль Мактум" стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде болуп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол командасы Филиппинди 3:1 эсебинде утуп алды. 

Беттеш Дубайдагы "Мактум Бин Рашид Аль Мактум" стадионунда өттү. 

1 / 5
Бириккен Араб Эмирлигинде болуп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол командасы Филиппинди 3:1 эсебинде утуп алды.
2 / 5
Беттеш Дубайдагы "Мактум Бин Рашид Аль Мактум" стадионунда өттү.
3 / 5
Биринчи таймда кыргыз футболчусу Ахлидин Исраиловдун ашырып берүүсү менен Виталий Люкс эсеп санын ачып, команда 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
4 / 5
Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө Люкс дагы бир топ киргизди.
5 / 5
Кайра эле аталган оюнчу 77-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип эсепти 3:0гө чыгарды.

Биринчи таймда кыргыз футболчусу Ахлидин Исраиловдун ашырып берүүсү менен Виталий Люкс эсеп санын ачып, команда 1:0 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө Люкс дагы бир топ киргизди. Кайра эле аталган оюнчу 77-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип эсепти 3:0гө чыгарды. 

Ал эми Филинпиндин оюнчуларын капитаны Штефан Шрёк 80-мүнөттө алгачкы тобун Кыргызстандын дарбазасына киргизүүгө жетишти. Ушуну менен кыргыз футболчулары тайпалык беттешти жыйынтыктады.

КР футболчулары оңой жоо эмес. Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу
Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай (1:2) жана Түштүк Кореядан (0:1) утулуп калган. Бирок филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат. Эгер утулуп калса, кыргызстандыктар үйгө кайтмак эле. 

Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.