Радио

Мамытова: чаң менен түтүн көздү кызартат

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун бөлүм башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы офтальмологу жана медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова көздүн кызарышынын бир нече себептерине токтолду.
Sputnik
Мамытова: чаң менен түтүн көздү кызартат

Көз көптөгөн себептерден улам кызарышы мүмкүн. Абада учуп жүргөн микробдор да көзгө чогулуп, чылпак пайда кылып, көздүн кызаруусуна алып келет. Бул тууралуу Бактыгүл Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көздү бат-баттан ирмеп туруу көздүн кызаруусун алдын алат.

"Көздүн кызарышынын бир нече себептери бар. Мисалы, абада учуп жүргөн микробдор чогулуп, чылпак менен кызарууну пайда кылышы мүмкүн. Жаш өткөн сайын адамдын көзү кургай баштайт. 1 мүнөттө 18 жолу көздү ирмеш керек болсо, биз андан үч эсе аз ирмеп келебиз. Планшет, компьютер, телефондордун нурунан көз чыңалып, көз оорусуна алып келет. Биздин өлкө тоолуу болгондуктан, чаң менен түтүн да көздү кызартат", — деди офтальмолог.

Ал ошондой эле көздүн басымы көтөрүлгөндө, суук тийгенде жана травма алганда да кызара турганын кошумчалады.