Жээнбеков Дача СУдагы каргашадан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Мамлекет башчы бул дата өлкө тарыхындагы эң кайгылуу күн катары калганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача СУ айылында Боинг-747 жүк ташыган учактын кыйрашынан улам жакындарынан айрылган балдар менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков балдарга көңүл айтып, 16-январь өлкө тарыхындагы эң кайгылуу күн катары калганын белгиледи.

1 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача СУ айылында Боинг-747 жүк ташыган учактын кыйрашынан улам жакындарынан айрылган балдар менен жолукту.
2 / 6

3 / 6
Жолугушууга кичинекейлер менен кошо келгендер — курман болгондордун жакындары балдарга ар дайым көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан колдоону өз убагында алып жатканын белгилешти.
4 / 6
Президент жолугушуунун аягында балдарга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.
5 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача СУ айылында Боинг-747 жүк ташыган учактын кыйрашынан улам жакындарынан айрылган балдар менен жолукту.
6 / 6

"Бул күн Кыргызстандын тарыхында өтө оор, кайгылуу күн катары калды. Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Кыргызстан элинин жана өз атымдан дагы бир жолу силерге көңүл айтам. Өз жакындарын жоготкон балдарыбыз аман-эсенчиликте узак жана бактылуу өмүр сүрүшсүн", — деди Жээнбеков.

Жаткан жериңер жайлуу болсун… Авиакырсыктан каза болгондордун сүрөтү
Жолугушууга кичинекейлер менен кошо келгендер — курман болгондордун жакындары балдарга ар дайым көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан колдоону өз убагында алып жатканын белгилешти.

Президент жолугушуунун аягында балдарга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган.