Атасынын 45 жашында көргөн тун уулу. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты

Кыргыз адабиятында опол тоодой орду бар жазуучу, Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун көзү тирүү болгондо бүгүн 88 жашка чыкмак. "Сынган кылыч", "Келкел" романдарынын автору болгон залкар жазуучу кыргыз тарыхый адабиятынын устасы эле.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз тарыхындагы оош-кыйыштуу, урунттуу учурларды кагаз бетине түшүрүп, жалпы калайык калкка мурас катары таштаган улуу жазуучу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Радио
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
Атасы 45инде көргөн Кудайберди. Төлөгөн Касымбеков Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Жазуучунун азан айтылып коюлган аты Кудайберди. Атасы Касымбек 45 жашка келгенге чейин балалуу боло албай, мындан улам анын жубайы Калбү апа жолдошунун тукуму улансын деген максатта өз эрки менен экинчи аял алып берет. Ошентип Касымбек ата 45ке чыккан кезинде уулдуу болот. Касымбек билимдүү киши болгондуктан, болочоктогу жазуучу балалык кезинен эле тарыхый уламыштарды угуп чоңойгон. Кийинчерээк романдарында сүрөттөгөн белгилүү инсандар тууралуу да алгач атасынан уккан.
Атасынан эрте айрылган. Төлөгөн Касымбеков 15 жашында катуу жер титирөөдөн улам атасынан айрылат. Апасы экөө азаптуу жашоону, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүшөт. Бирде ачка, бирде ток калган күндөр кичинекей Төлөгөндү жашоого абдан бышырат. Апасынын кыйналганын көргөн зирек бала келечегин жакшы жакка буруу үчүн талыкпай эмгектенип, билимин өркүндөтүүнү максат кылат. Мектепте окуп жүргөн кезинде так илимдерди анча жактырбай, адабиятты сүйүп окуйт. Ыр жазып, дубал гезитин өзү чыгарат. Орто билимдүү болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштейт.
Чыгармачылыгы менен акча тапкан студент. Төлөгөн Касымбеков жогорку билимдүү болуш үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырат. Окуу жылдарында жетим бала үчүн чыгарма жазуу бир гана кызыгуу жараткан нерсе эмес, акча табуунун да жолуна айланат. Эмгектери ар кандай журналдарга чыгып, күнүмдүк жашоосуна жеткен каражаттуу боло баштайт. Жогорку окуу жайды 1957-жылы бүтүргөн соң бир катар жооптуу кызматтарды аркалайт. 1960-жылы "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп ишке кирет. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жетет. Андан соң 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенет.
Айтматовдун Пекинден табылган "баласы" жана Кытайдагы кадыры. 15 факты
Тарыхый чыгармалардын устасы. Төлөгөн Касымбековдун алгачкы чыгармасы болгон "Кичинекей жылкычы" повести 1952-жылы басылат. Ал эми жазуучуга өлкө ичиндеги атак-даңкты экинчи эмгеги "Алымкан" алып келет. Студенттик кезде жазылган китептин кийинчерээк тасмасы да тартылат. Автобиографиялык негиздеги "Адам болгум келет" повести 1965-жылы жарык көрөт. Жазуучунун чыгармачылыгынын орчундуу бөлүгүн тарыхый романдары ээлегени баарына белгилүү. Эки бөлүктөн турган "Келкел" романында кыргыз калкынын советтик мезгилге чейинки жана андан кийинки жашоосу сүрөттөлсө, "Баскын" Түркстан аймагына болгон жоортуул тууралуу. Санжыра, улуттук каада-салт кеңири сүрөттөлгөн "Баскында" Байтик жана Шабдан баатыр, Курманжан датка, Токтогул акын, Жантай хан сыяктуу инсандардын ишмердиктери кеңири айтылат. Ал эми "Кыргында" 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн келип чыгуусу изилденген. Төлөгөн Касымбеков 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.
Сынга кабылган "Сынган кылыч". Төлөгөн Касымбеков эң белгилүү чыгармасы "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан. Жазуучу жалпы эле чыгармачылыгы үчүн совет мезгилиндеги цензуранын каралоосуна кабылып, ар кандай бут тосууларга учураган. "Келкел" жана "Сынган кылычтын" тагдыры өзгөчө катуу болду. Жазуучуга "тарыхты бурмалоодо" деген жалган жалаалар жабылган. Союздук журнал-гезиттерде байма-бай сын макалалар чыгып турган. Касымбеков өзү жана чыгармалары тууралуу сын макалаларды топтоп, кийин "Рухту көтөргөн улуу сөз" деген китеп кылып чыгарат.
Легендарлуу парламенттин мүчөсү. Төлөгөн Касымбековдун чыгармалары Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин кайра басылып, мурда алып салынган сөздөр кошулган. Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болот. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган. Улуттук символикалар кабыл алынып жаткан кезде кыргыз туусунун кызыл түстө болуусун катуу колдогон. Ошол эле кезде Жазуучулар союзунун башчысы катары да кызмат көрсөткөн.
Далай-ламага белек берген. Жазуучу Казат Акматов тууралуу 8 факты
Сыйлыктары. Төлөгөн Касымбековдун эмгеги Кыргызстан эмгемендүүлүк алган жылдардан кийин бааланып, бир катар мамлекеттик мартабалуу сыйлыктарга татыган. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгисине, "Даңк" медалына, 2001-жылы I даражадагы "Манас" орденине татыган. 2006-жылы Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылган.
Жарым кылым жашаган жубайлар. Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова менен 51 жыл чогуу түтүн булаткан. Экөө баш кошкон кезде жазуучу 17, ал эми жубайы 16 жашта эле. Түгөйлөр беш уул, бир кызды тарбиялашты. Уулдарынын бири белгилүү саясатчы Райкан Төлөгөнов убагында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз эл жазуучусу 2011-жылы 17-июнда 80 жашында узакка созулган оорудан улам Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Кой-Таш айылында жерге берилген. Жазуучунун көзү тирүү кезинде 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар катуу көрүлгөн. Бирок ал Кыргызстан кыйын кырдаалда турганда той өткөрүү орунсуз экенин айтып, өлкө перзидентине сунуш жолдогон.