БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызмтына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелова жана АКШдагы элчи болуп Болот Отунбаев дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети элчиликке талапкерлер боюнча өз макулдугун берген.
Эске салсак, Кемелова КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенип, 2005-2007-жылдары ТИМди башкарган.