Журналист, этият бол! Министрге картошка берген видеого соцтармактын реакциясы

Өткөн жумада Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге чириген картошка белек кылган. Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып, жүздөгөн адамдар бөлүшүп, комментарий жазды.
Sputnik

Журналисттин мындай кадамга барышына Айыл чарба министрлигинин дыйкандарды күйгүзгөн туура эмес божомолу себеп болгон. 

Окуя тууралуу кыскача маалымат: 

— 2018-жылы жазда ведомство фермерлерге картошка эгүүнү сунуштап, бышканда Өзбекстанга экспорттоло турганын айткан. 

— Күздө картошканын баасы кескин төмөндөп, пайда көрмөк түгүл жылдык чыгымды да жаппай калган. 

— Октябрда айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкандарды шашпай турууга чакырып, баа бир жумадан кийин жогорулайт деп убада берген. 

— Декабрь айында тынчсызданууга негиз жок деп картошканын баасы суук түшкөндө көтөрүлөрүн айткан. 

— Азыр январь айы ортолоду. Баа эч кандай көтөрүлбөй, дыйкандар 1 килограмм картошкасын 5 сомдон сатууга аргасыз. Болбосо, сактаган кампасында чирип жок болот. 

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу

Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы дыйкандардын арыз-муңун жеткирип, баа боюнча так кесе жооп алуу үчүн барган. Ал көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп 5 сомдон ашпай жатканын айткан. Эгер экспорт маселеси чечилбесе, сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөткөн. 

Чириген картошка айылымдан келген. Министрге жооп
Ал видеону көргөн эл Айыл чарба министрлигин жана анын башчысын катуу сындады. Көбү министрдин берген жообуна ынанган жок. Ага улай эле бул министрликти такыр эле жоюп салуу керектигин жазып жатышты. 

Улан Макиев аттуу колдонуучу Кыргызстанга мындай министрликтин кереги жок деп эсептейт. 

"Эл өз арбайын өзү артып келе жатат, дыйкандарга айыл чарба техникасын камсыздап берип жаткан жок, суу чыкпаган жерге чыгарып берген жок, кийинки жылга божомол берип жаткан жок, коңшу өлкөлөр менен мамиле түзүп Кыргызстандын продукциясын экспорттогон жок. Мындай министрликти таптакыр жоюш керек, буларга акча бөлүнүп Кыргызстанды банкрот кылып жатпайбы?" — деп суроо салган.

Ал эми журналист Эламан Карымшаковдун элге жана министрге берген жообун бул жактан окуй аласыздар

КыргызстанКоомЖаңылыктарБишкекКартошкажурналистсоциалдык тармак