Райым Матраимов боюнча шаардык соттун өкүмү өкмөткө келе элек

Шаардык сот Матраимовду мурдагы кызматына калыбына келтирүү боюнча өкүмдү 28-декабрда кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райым Матраимовду мурдагы кызматына кайтарганы боюнча өкүмү өкмөттүн сот өкүлчүлүгү борборуна келип түшө элек. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Белгилей кетсек, шаардык сот Матраимовду мурдагы кызматына калыбына келтирүү боюнча өкүмдү 28-декабрда кабыл алган.

"Шаардык соттун чечими расмий түрдө бизге келип түшө элек. Ошол бизге келип түшкөндөн кийин анализдеп текшерип, баарын карап чыгып, анан чечим кабыл алабыз. Мыйзам боюнча сотко кайрылганга бизде үч ай мөөнөт бар", — деп сот өкүлчүлүгү борборунан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков: Матраимовдор КСДПга жан дили менен иштеп берген. Видео
Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2017-жылы 23-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган.