Атамбаевдин мурдагы катчысы АКШдагы элчи кызматынан бошотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш АКШга, Россия, Кытай, Түштүк Кореяга элчи болчуларды карайт
Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.

Токтогулов элчи болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган

Эми анын ордуна Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда. Жогорку Кеңештин профилдик комитети 15-январдагы жыйынында төрт мамлекетке Кыргызстандын элчилерин дайындоо маселесин карайт.