Апта ирмеми: замбирек аткан Путинден пляждагы кыздарга чейин

Sputnik

Лондондо (Улуу Британия) премьер-министр Тереза Мэй япониялык кесиптеши Синдзо Абэ менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Дарбазачы Кадырбеков: кореялыктардын көп оюн ишке ашырган жокпуз
Перуда жыл сайын өтчү "Дакар" ралли-марафону болсо, Каракаста (Венесуэла) экинчи мөөнөткө шайланган президент Николас Мадуронун инаугурациясы болуп өттү.

Кыргызстандын фтубол боюнча курама командасынын Кореяга 0:1 эсебинде утулганына карабастан Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат.

РФ президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдун Петропавлов чебин кыдырып жүрүп, салтка айланып калгандай замбиректен ок атты.

1 / 16
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ жолугушуу алдында ардак кароолдун алдынан өтүп бара жатат
2 / 16
Москва дарыясынан сүзүп бара жаткан кеме
3 / 16
Вьетнамда жыттуу таякчаларды өндүргөн ишкананын жумушчусу даяр продукцияны чогултууда
4 / 16
7-январь күнү РФ президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдун Петропавлов чебин кыдырып жүрүп, салтка айланып калгандай замбиректен ок атты
5 / 16
Чехиялык балерина Испаниянын "Маэстранса" театрында "Баядерка" балетине даярдык көрүүдө
6 / 16
Качкындар лагеринде гуманитардык жардам алуу үчүн кезекте турган сириялык аялдар
7 / 16
Венесуэла президенти Николас Мадуронун инаугурациясы. Ал өлкөдөгү экономикалык жана саясий каатчылыктын фонунда экинчи мөөнөткө шайланып келди. Америкалык мамлекеттердин уюму жана АКШ Мадуронун экинчи мөөнөткө шайланып келишин тааныбай турганын жар салышты.
8 / 16
11-январь күнү Аль-Айн (БАЭ) шаарында Азия кубогунун тайпалык этабынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түштүк Кореянын оюнчулары менен беттешти. Атаандаштардын утуп алганына карабастан (1:0) Кыргызстан плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
9 / 16
Крымдын Ай-Петри тоосундагы эс алуучулар
10 / 16
Перуда өткөн "Дакар" ралли-марафонундагы аргентиналык экипаж
11 / 16
Кытайдын Харбин шаарында Кар жана муз фестивалынан ирмем
12 / 16
Ким Чен Ын 7-10-январь күндөрү Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайда болду. Бул түндүккореялык лидердин бир жылга жетпеген убакытта аталган өлкөгө төртүнчү ирет барышы.
13 / 16
Түштүк Кореяда өткөн Форель фестивалынын катышуучусу кармап алган балыгы менен
14 / 16
Өткөн жылдын 24-декабрында атыла баштаган жанар тоонун спутниктен көрүнүшү. Жанар тоо Индонезияда жайгашкан.
15 / 16
Германиянын Франкфурт шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан фермадагы жылкылар
16 / 16
Рио-де-Жанейронун пляждарында жүргөн кыздар