БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жол кырсыгынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өзүнүн сайты аркылуу айдоочуларга жол кырсыгына кабылганда эмне кылуу керектигин түшүндүрүп берди.
Жол кырсыгынан жабыркагандар болбосо, айдоочу (же айдоочулар) окуянын болжолдуу схемасын чийип, кол коюп, жакынкы постко же милицияга барып, кырсыкты каттатуусу керек.
Эгер жабыркагандар болсо, төмөндөгү кадамдар жасалышы зарыл:
— унааларды ордунан жылдырбай, авариялык жарыкты күйгүзүү. Ошондой эле кырсыкка байланышкан заттар кандай турса, ошондой абалда сактоо.
— башка транспорттордун өтүүсүнө шарт түзүү. Мисалы, жарбыркагандарды өздүк транспорт же Тез жардам менен алып бартканда жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотуу. Бирок ошол эле учурда күбөлөрдүн катышуусу менен транспорт каражатын, кырсыкка байланышкан заттардын изин сактоого бардык чараларды көрүү.
— болгон окуя тууралуу ички иштер органдарына билдирүү. Күбөлөрдүн фамилиясын, дарегин жазып алып, милицияны күтүү. Кырсык болгон жерден үн сигналын берүүгө уруксат берилет.