"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ата-энеси мажбурлап колунда бар жерге күйөөгө берип жаткан кыздын тагдыры баяндалат.
Жашым 30га жакындап калды. Ата-энем, туугандарым "качан күйөөгө кетесиң?" деп кулактын кужурун алып бүтүштү. Мындай суроо мага окшогон жашы 25тен ашкан кыздардын баарынын эле көкөйүнө көк таштай тийсе керек.
Үйдөгүлөр "күйөөгө тий" дешет. Мен кетсем, булар кантип жашайт деп калам. Анын үстүнө кыялымдагы мырзаны жолуктура элекмин. Колумду сураган балдар менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле ара жолго түшөбүз. Биринин аялы бар болуп чыкса, дагы бири өтө эле жаш болуп калат, кыскасы, жакшы кишиге жолуга элекмин.
Баш тартсам ата-энемди таарынтып аламбы деп корком. Андан жаман бирөөгө туш келип калсам эмне болот?! Бирок сүйбөй, жактырбай тие албайм да. Бой көтөргөн бала кийин байлыгына таянып, кийин өзгөрүп кетеби деп да коркуп кетем. Иши кылып, миң түркүн ойлор чулгап жумуштан да алаксытты. Акыры психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм. Мага окшогон кыздар көп болсо керек.
"Үй-бүлөнү бекемдөө" долбоорунун психологу Гүлнара Жасоолова:
"Жашым өтүп баратат, ата-энемдин сөзүн эки кыла албай" деп турмушка жаңылыш чыгып, кесепетинен үй-бүлө баркы, баалуулугу жоголуп, аягы ажырашууга алып барып жатат.
Кимдир бирөөдөн ката издеп, жаман адаттарын карай бербеш керек. Балким, кемчилик өзүндө болуп жүрбөсүн. Ошондуктан өзүн да, баланы да жакшылап анализдеп, шашылыш чечим кабыл албай, анан экөө баарын ачык сүйлөшүп алганы оң.