Кыргызстан — Түштүк Корея оюнунун мыкты ирмемдери менен голу. Видеобаян

Азия футбол конфедерациясы Кыргызстан — Түштүк Корея беттешинен баяндама жасады.
Sputnik

Эскерте кетсек, мелдеш Азия кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Аль-Айн шаарында өттү. Түштүккореялыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетти

Бишкекке келген футболчу Илзат Ахметовду президенттик аппараттын башчысы кабыл алды
Улуттук команданын атаандаштары оюнда үстөмдүк кылып турганы менен кыргызстандык дарбазачы Кутман Кадырбеков  кыйын кезеңде бир топ керекке жарады. Бирок команда ыңгайы келип турган учурларды эмнегедир пайдалана албай, бир да топ киргизе алган жок.

Утулганына карабай, кыргызстандык команданын финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Плей-оффко ар бир тайпадан мыкты делген эки команда жана үчүнчү орун алган алты команданын төртөө чыга алат.

Кытайдын футболчулары Кыргызстанды 2:1 менен утуп алгандан кийин Филиппиндерди да 3:0 эсебинде жеңип, болгон алты упайдын баарына ээ болгон. Түштүк Корея да плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.