Өкүнүчтүү! Кыргызстан Түштүк Кореяга утулуп калды

Оюн Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда болду.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары түштүккореялык атаандаштарынан 1:0 эсебинде утулуп калды. 

1 / 3
Кыргызстандын футболчулары түштүк кореялык атаандаштарынан 1:0 эсебинде утулуп калды
2 / 3
Беттештин жалгыз голун 41-мүнөтүндө Түштүк Кореянын коргоочусу Ким Мин Же киргизди
3 / 3
Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, "С" тайпасында көч башында Түштүк Корея менен турду.

Оюн Бириккен Араб Эмирлигинде болуп жаткан Азия кубогунун алкагында өттү. 

Беттештин жалгыз голун оюндун 41-мүнөтүндө Түштүк Кореянын коргоочусу Ким Мин Же киргизди.

Азия кубогу: Кыргызстандын тагдыры бүгүн чечилет
Азия кубогундагы алгачкы оюнда Кыргызстандын футболчулары Кытай курама командасына 1:2 эсебинде утулган эле. Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, "С" тайпасында көч башында Түштүк Корея менен турду. 

Эми кыргызстандык оюнчулар 16-январда Филиппин курама командасы менен беттешет. 

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея

Эске салсак, бул эки команданын алгачкы жолу беттеши болду. Атаандаш буга чейин Азия биринчилигинде эки ирет (1956 жана 1960-жылдары) жеңишти багындырган.