Мэрия: маршрутка айдоочулары митингге чыкпайт

Бүгүн мэриянын өкүлдөрү жеке фирмалардын жетекчилери менен жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары митингге чыгууну пландаган жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы "Альянс Бус" ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Григорий Николаидиге шилтеме берип маалымдады.

Маршруткалар. Архив
Бишкек мэриясы жол кирени 12 сомго көтөрүүнү сунуштады
Николаиди борбор калаада маршрутка айдоочулары митингге чыкканы жатат деп маалымат тараткандар кимдер экенин билерин маалымдаган.

Бүгүн, 11-январда, Шаардык транспорт башкармалыгынын имаратында мэриянын өкүлдөрү ташуучулар фирмаларынын жетекчилери менен жолукту. Маршрутка айдоочулары жол кирени 12 сомго көтөрүүнү, экинчи катардан кайрылууну жана каалаган жерден жүргүнчүлөрдү алып-түшүрүүгө уруксат берүүнү суранды.

Бишкектин вице-мэри Максим Ситников жол кире акысын көтөрүү маселесин шаардык кеңеш карашы керектигин билдирди.