Бишкекке келген футболчу Илзат Ахметовду президенттик аппараттын башчысы кабыл алды

Ахметов былтыр июль айынан тартып москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. КР президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Илзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Встреча руководителя аппарата президента КР Досалы Эсеналиева с уроженцем Кыргызстана, полузащитником ЦСКА Ильзатом Ахметовым

"Биз сиздин атактуу ЦСКА командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россиянын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз, сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!" — деди Эсеналиев.

Кыргызстанда төрөлгөн Илзат Ахметов Россияда эң мыкты жаш футболчу аталды
Илзат Ахметов кайда болбосун ар дайым өз мекенин — Кыргызстанды сагынарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Илзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. "Алга" командасынын тарбиялануучусу. Андан соң россиялык "Рубин" футбол командасында ойногон. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Илзат Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.