ИИМ президенттик шайлоодогу документтерди тергөөгө чейинки текшерүүнү аяктады

2018-жылдын 15-ноябрь күнү юрист Нурбек Токтакунов КСДПнын 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого кеткен чыгымы делген документтин көчүрмөсүн жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоо боюнча материалдарды тергөөгө чейинки текшерүүлөр аягына чыкты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, юрист Нурбек Токтакунов 2018-жылдын 15-ноябрь күнү КСДПнын 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого кеткен чыгымы делген документтин көчүрмөсүн жарыялаган. Microsoft Excel файлында Сооронбай Жээнбековдун штабы тарабынан коротулду деп 1 миллиарддан ашуун сом көрсөтүлгөн. Кийин бул документтерди ИИМ тергөөгө чейин текшерүүгө алууну чечкен.

"Текшерүү маалында президенттикке талапкердин борбордук штабынын жетекчилери жана район, облус, шаарлардагы штабдардын кызматкерлери суракка алынды. Учурда штабдын финансы маселелери боюнча алектенген Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу чет өлкөдө жүргөндүктөн сурак бере элек. Ага тиешелүү суроолор берилгенден кийин текшерүү боюнча толук жыйынтык чыгарылат", — деп айтылат билдирүүдө.

КСДП президенттикке жалгыз Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алып чыккан.