Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды

Смарт-карталар аркылуу жол кире жыйноо айрым жүргүнчүлөргө берилген жеңилдиктерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шаар жетекчилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде “Бишкектин коомдук транспортундагы электрондук билеттештирүүгө” тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек мэриясы жол кирени 12 сомго көтөрүүнү сунуштады
Талапка ылайык, өз кызматын сунуштаган компания электрондук билеттештирүү боюнча туруктуу жана ишенимдүү системаны DBFOT принциби (долбоорлоо, ишке ашыруу, каржылоо, кызмат көрсөтүү) менен ишке ашырышы зарыл. 

Долбоордун негизги максаты — коомдук транспорттун төлөмдөр системасындагы ачыктык жана кирешени көбөйтүү. 

Смарт-карталар аркылуу жол кире жыйноо айрым жүргүнчүлөргө (пенсионерлер, майыптар жана башкалар) берилген жеңилдиктерди эске алуу менен жүргүзүлөт.