Молдомуса Конгантиевдин баласын сабап кетишти. Шектүүнүн бирөө ооруканада

Факты боюнча "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Борбор калаанын чет-жакасында мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин баласы Автандилди сабаганга шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Менин атам ким экенин билесиңби? Инспектор менен жүргүнчүнүн айтышы. Видео
Буга чейин 35 жаштагы Автандил Конгантиев Аламүдүн райондук милициясына арыз менен кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 28-декабрда Лебединовка айылындагы ресторандардын биринин жанынан түн ичинде эч себепсиз эле токмок жегенин жазган. Жабырлануучу бул окуядан кийин ооруканага түшкөн.

Аталган фактыдан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде иш козголуп, экспертиза башталган.

Милиция сабоо боюнча шектүү делген эки кишини кармаган. Алар 35 жана 28 жаштагы кишилер болуп чыкты. Биринчиси учурда Ош шаарындагы ооруканада жаткандыктан иликтөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат. Экинчи шектүү издөөгө алынган.