Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат

Милиция кызматкерлери түкүрүнүп жатканын күбө видеого тартып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты. 

Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды

Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.

"Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат", — дешти ШИИБден.

Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган