Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарлар тизмектелди

Рейтингде парктардын, спорт залдардын жана ден соолукка пайдалуу азыктарды койгон дүкөндөрдүн саны эсепке алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарларды DailyMail басылмасы тизмектеди.

Рейтингде экологиядан тышкары парктардын, спорт залдардын жана ден соолукка пайдалуу азыктарды койгон дүкөндөрдүн саны эсепке алынган.

Тынч океанга акула кое бердим. Таиландга барып келген журналисттин баяны
Биринчи орунда Париж, экинчиде Таиланддагы Чиангмай, үчүнчүдө Барселона турат.

Франциянын борбору спа-борборлорунун (894) саны, вегандык ресторандары (1 305) жана ден соолукка пайдалуу азыктары бар дүкөндөрү (150) менен тизменин сап башына чыкты.

Таиланддагы Чиангмай шаары спа-борборлору (квадрат километрине 7) жана 307 вегандык рестораны менен рекорддук көрсөткүчкө ээ болгон. Ал эми Барселонада вегандардын 1 350 рестораны, 510 спа-борбору жана 32 йога борбору жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Патайя, Ванкувер, Сан-Франциско, Лиссабон, Индонезиядагы Денпасар жана Буэнос-Айрес шаарлары киргени айтылат.