Чаткалга жумуштап барган жигитти мас болгон жергиликтүү тургун атып салды

Ок чыгарган киши - BMW автоунаасынын ээси, Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургуну экени маалым болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чаткал районуна жүк ташуучу автоунаачан келген 30 жаштагы жигит жергиликтүү 25 жаштагы мас кишинин огунан каза болду. Бул туурасында Жалал-Абал облустук милициядан кабарлашты.

Балыкчыда ок атылып, 36 жаштагы киши жабыркады. Чоо-жайы
Окуя 10-январга караган түнкү саат 3:00дөр чамасында болгон. Бишкектен келген айдоочу өтө албай жаткандыгын айтып, жолдо турган жеңил автоунаанын ээсине машинасын алып коюусун айткан. Ири жана кичи унаалардын ортосунда айтышуу болуп кетип, жергиликтүү тургун Э.А. куралын алып чыгып, айдоочуга ок чыгарган.

30 жаштагы К.У. Ала-Букадагы райондук ооруканага алып бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми аткан киши ошол жерден изин жашырган.

Ок чыгарган киши — BMW автоунаасынын ээси, Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургуну экени маалым болгон.

Окуядан кийин кырсык болгон жерге Чаткал жана Ала-Бука райондорунун милиция кызматкерлери барып, ок чыгарган кишинин ким экендигин аныктаган. Ал бир нече сааттан кийин кармалган.

"Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголду. Кармалган киши мас экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Ок чыгарган киши Чаткал райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Маалыматта жүк ташуучу автонунааны айдап барган жигит Өзгөн районунун тургуну экендиги айтылган.