Атамбаевдин күйөө баласы Футбол федерациясынын президенттигинен кетти

Ал бул кызматта алты жыл иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов отставкага кеткенин аталган спорт мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Султановдун айтымында, 2012-жылы Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенттигине аттанып, улуттук курама команданы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө алып чыгууну максат кылган.

Ал ошондой эле алдыга коюлган негизги максаттан тышкары өспүрүм балдардын, кыз-келиндердин футболун өнүктүрүү, футбол клубдарынын деңгээлин көтөрүү, жогорку квалификациядагы машыктыруучуларды, калыстарды, администраторлорду, спорт дарыгерлерин даярдоого ниеттенгенин белгилеген.

"Төрт жыл жетишсиз болуп калды, андыктан 2016-жылы мен экинчи мөөнөткө шайландым. Бул убакыт аралыгында көп нерсе жасалды, эң башкысы, Азия кубогунда ойнойбуз деген негизги максатыбызга жеттик. Андыктан мен биздин курама командабыз Азия кубогунда өз оюндарын өткөрүп жаткандыктан Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенттигинен мөөнөтүнөн мурда кетүүнү чечтим", — деди Султанов.

Кимиси жеңет? Кыргызстан — Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу
Ал мындай чечимге күтүүсүздөн эле келбегенин, же кандайдыр бир күчтөр таасир бербегенин кошумчалаган.

Султанов ага колдоо көрсөтүп чогуу болгондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирип, футболдун өнүгүшүнө кайда болсо да салымын кошо берерин айткан.

Буга чейин Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкер болуп жатканы маалым болгон. Шайлоо быйыл апрель айында өтөт.

Ал баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы башчысы Алымбай Султановдун баласы жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.