АКШнын эң узак жашаган тургуну 114 жашында каза болду

Лесси Браун АКШнын эң узак жашаган тургуну экени 2018-жылдын май айында белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШнын Огайо штатындагы Кливленд-Хайтс шаарынын тургуну Лесси Браун 114 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Cleveland.com басылмасы жазды.

Окумуштуулар өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун табышты
Маалыматка ылайык, эң улгайган киши өз үйүндө үзүлгөн.

Анын небереси чоң энесинин узак жашоо сырын журналисттерге айтып, байбиче таттуу картошканы жакшы көргөнүн жана Кудайга дайыма ишенип келгенин билдирген.

Лесси Браун АКШнын эң узак жашаган тургуну экени 2018-жылдын май айында белгилүү болгон. Ал 1904-жылы Атлантада төрөлгөн. Артында 50дөн ашык урпагы калды.