The Guardian туристтер үчүн түзгөн тизмесине Кыргызстанды да киргизди

Макалада бийиктиги 4 миң метрден ашкан ашуулар бар экени, көпчүлүк маршруттар боз үй тигилген айылдар аркылуу өтүп, ал жерден туристтер чабандын үйүнө кирип кымыз ичип суусунун кандыра алары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Британиянын The Guardian басылмасы быйыл саякаттоого ыңгайлуу болгон 40 мамлекеттин тизмесин жарыялап, ага Кыргызстанды дагы киргизди.

"Борбор Азиядагы бул тоолуу мамлекеттин деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгону менен киши колу тийбеген жапайы жаратылышы бар. Жарым көчмөн эл дагы деле болсо бүркүт салып, ууга чыгат. Келгендер бул салтты Ысык-Көлдөн көрө алышат. Альпинисттер узундугу 506 милге жеткен жолдордон ырахат ала алышат, алардын көбү көлдөрдөн башталат", — деп айтылат маалыматта.

Көзүңдү ала албайсың! Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу жаңы ролик тартылды
Макалада Ысык-Көлдөн анча алыс эмес жерде жайгашкан Кочкор өрөөнү жөө туристтер үчүн жакшы база экенин белгилеген. Ал жерде бийиктиги 4 миң метрден ашкан ашуулар бар экенин айтып, көпчүлүк маршруттар боз үй тигилген айылдар аркылуу өтөрүн, ал жерден туристтер чабандын үйүнө кирип кымыз ичип суусунун кандыра аларын кошумчалаган.

Эксперттер Борбор Азия чөлкөмүнөн Кыргызстандан тышкары Өзбекстанды да тизмеге киргизишкен. Басылманын жазышынча, 2016-жылы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери өлкөдө көп нерсе жакшы жагына өзгөрүүдө.

Буга чейин Lonely Planet басылмасы Кыргызстанды саякатчылар үчүн мыкты мамлекеттердин тизмесине кошкон.