Кыргызстандык футболчуларды сүрөгөн ак калпакчан күйөрмандар. Сүрөт

Биринчи беттеште кыргызстандыктар утулуп калды. Бирок күйөрмандар оюндун аягына чейин футболчуларды колдоп турду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кытайлык атаандаштары менен оюн өткөрүп жаткан кыргызстандык футболчуларды жүздөн ашуун күйөрман сүрөөнгө алып турду.

1 / 4
Кытайлык атаандаштары менен оюн өткөрүп жаткан кыргызстандык футболчуларды жүздөн ашуун күйөрман сүрөөнгө алып турду
2 / 4
КР Футбол федерациясы бир топ сүрөт тараткан
3 / 4
Анда "Шумкарлар" деп жазылган желектерди, шарфтарды көтөрүп турган күйөрмандарды көрүүгө болот
4 / 4
Айрымдары ак калпак кийип келген.

КР Футбол федерациясы бир топ сүрөт тараткан. Анда "Шумкарлар" деп жазылган желектерди, шарфтарды көтөрүп турган күйөрмандарды көрүүгө болот. Айрымдары ак калпак кийип келген. Жеңилүүгө дуушар болгон кыргызстандыктар оюн аяктагандан кийин алардын маңдайына келип, кол чаап ыраазычылык билдиришкен.

"Жеңилүү ар убак оор. Бирок дал ушул маалда биригип, чогуубуз менен команданы колдоого алуубуз керек! Алдыда дагы эки оюн бар, команда сиздердин колдооңуздарга муктаж", — деп жазылат федерациянын кайрылуусунда.

Азия чепионаты Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат. Кыргызстандын командасы алгачкы атаандашы болгон Кытай менен 7-январь күнү кездешип, 1:2 эсебинде утулуп калды.