Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды

Ал суткасына абадан 36 литрден ашык суюк азот иштеп чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

1 / 2
Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди
2 / 2
Жабдуу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы атайын станцияда иштетилмекчи.

Жабдуу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы атайын станцияда иштетилмекчи.

"Ал суткасына абадан 36 литрден ашык суюк азот иштеп чыгат. Бул үчүн электр энергиясынан башка эч нерсенин зарылдыгы жок. Күнүнө аз дегенде 15 кВт, көп дегенде 25 кВт энергия кетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү — калдыктар толугу менен кайра иштетилип, акырында максималдуу түрдө зыянсыздандырылган сымап чыгат.

Жабдуунун баасы 90 миң доллар экени айтылды.