КГБ тууралуу сериал "Алтын глобус" алды

Сериал алгачкы жолу 2013-жылы экранга чыгып, андан бери алты сезону тартылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШдагы КГБ агенттери тууралуу тартылган "Америкалыктар" сериалы "Алтын глобус" сыйлыгына татыганын РИА Новости агенттиги жазды.

АКШнын киносынчылары 2018-жылдын эң мыкты тасмасын атады
Тасма "Мыкты драматикалык сериал" категориясында алдыга озуп чыккан. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Голливудда өтүп, аны NBC телеканалы түз алып көрсөтүүдө.

Мыкты драматикалык сериал номинациясына "Жан сакчы", "Еваны өлтүрүп жатканда", "Поза", "Үйгө кайтуу" сериалдары да көрсөтүлгөн.

"Америкалыктар" сериалында Вашингтондун четинде жашап КГБда иштеген агент түгөйлөр тууралуу баяндалат. Биринчи жолу 2013-жылы экранга чыккан. Андан бери алты сезон тартылган.

"Алтын глобус" сыйлыгы 10дон ашык номинация боюнча өз ээлерин тапты.