Бишкектеги митинг аяктады. Алардын талабы КТРКдан көрсөтүлмөй болду

Митингчилердин талабы КТРКдан көрсөтүлмөй болду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкекте кытайлыктарга жарандык бербөө жана Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги аяктаганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

"Ала-Тоо" аянтында башталган митинг КТРК имаратынын алдында аяктады. Чогулгандар КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун чыгуусун талап кылышкан.

1 / 3
Бишкекте кытайлыктарга жарандык бербөө жана Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги аяктады
2 / 3
"Ала-Тоо" аянтында башталган митинг КТРК имаратынын алдында аяктады.
3 / 3
Чогулгандар КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун чыгуусун талап кылышкан.

Карыпбеков чогулгандар менен жолугуп, алардын талабы сөзсүз түрдө КТРКнын эфиринен кетет деп сөз берди. Андан сырткары, мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу менен түз эфирде талкуу уюштуруп бере турганын айтты. Митингге чыккандар боюнча маалымат бүгүн "Ала-Тоо 24" каналынан берилерин кошумчалады. Ал үчүн митингчилердин атынан 2-3 өкүл өз талаптарын КТРКнын кабарчысына айтып бериши керек.